Редакцияот 29.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Арстанбап айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын

 

2023-жылдын 29-декабры № 7

 

 

Арстанбап айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык объектти ижарага берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2022-жылдын 28-июлундагы №189 буйругунун негизинде Муниципалдык менчиктеги объеттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун 8-глава 71,72-бөлүмдөрүнө таянып Арстанбап айылынын тургуну жеке ишкер Сатангова Дурдананын арызын угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VIII чакырылыш кезектеги XVIII сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т

 

1. Арстанбап айыл аймагындагы Арстанбап аймактык ооруканасынын аймагында жайгашкан жерге өзү куруп пайдаланып жаткан даарыкананын жер аянты Сатангова Дурданага ижарага пайдаланууга келишим негизинде берилсин.

2. Келишимдин баасы жылына 5000,0(беш миң) сомдон деп белгиленсин.

3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнун башчысы И. Чолпоновго жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 Арстанбап айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

 

Ж. Абдухалилов