Редакцияот 15.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы

2021-жылдын 15-октябры № 7-7

 

Алмалык айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө

 

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Алмалык айылынын тургундарынын жашап жаткан жерлерин Ош шаарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү арызын канааттандыруу максатында генералдык планынын долбоорун карап чыгып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Ош шаарынын мериясынын жана Ош шаардык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын генералдык планынын долбоорун колдоодон баш тартылсын.

2.              Токтомдун бир көчүрмөсүн маалымат иретинде Ош шаардык мэриясына жөнөтүлсүн.

3.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

Ж.Назаров