Редакцияот 04.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 С.Атабеков айылдык кеӊешинин VIII кезексиз он жетинчи сессиясы

 

2023-жылдын 4-октябры № 3

Административдик –аймактык  реформага ылайык

бөлүп берүүчү аймактарга уруксат берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 18.10.2022-жыл №350 ПЖ жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 22.08.2023-жыл  №198 буйругунун, С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 03.10.2023-жыл №715 сандуу сунуш катынын негизинде айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде административдик-аймактык реформанын долбоору менен сунушталуучу айыл- аймактарга төмөндөгүчө чечим кабыл алынсын.

2. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Кара-Жыгач, Кайнар , Таш-Булак айылдары  Барпы айыл өкмөтүнүн аймагына жакын жайгашкандыгына байланыштуу  Кара-Жыгач  айылынан 172 кожолук, Кайнар айылынан 9 кожолук,  Таш-Булак айылынан 35 кожолук Барпы айыл өкмөтүнүн административдик-территориалдык аймагына   кошулуусуна, бөлүп берүүгө уруксат берилсин.

3. Жогоруда аталган айылдардын кошулуусуна жана бөлүп берүүсүнө керектелүүчү иш кагаздарын камсыздоо жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиевке милдеттендирилсин.

 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

А. Эралиев