Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

2023-жылдын 27-ноябры № 161

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары тарабынан каралган Өзгөрүш айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар боюнча Министрлигинин айыл аймакты өнүктүрүү боюнча сунушун колдоп

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл –Өзгөрүш айыл аймагында табигаттык кырсыктарды жоюуу боюнча чыгарылган токтомдор ишке ашырылсын, чыгарылган токтомдун негизинде Өрт коопсуздугун жана жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча ишкана ачууга айыл аймагынын муниципалдык жеринин 35-54 контурунан 0,20 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин..

 

2.Архитектуралык жана укук тастыктоочу иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Ш. Ажыкуловко тапшырылсын.

 

3. Токтомду ишке ашырып иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.

 

 

4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

 

6.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov/kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.