Редакцияот 20.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2023-жылдын 20-сентябры № 149

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Чеч-Дөбө айылынын тургундарынын жана Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Чеч – Дөбө айылынын тургундарынын жана Агрардык маселелер боюнча сунушу кабыл алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлеринин Кабинетинин 2021-жылдагы март айындагы № 177 – токтомунун негизинде айдоого жараксыз таштак түшүмдүүлүгү аз жараксыз таштак жерлерди узак мөөнөт менен ижарага берүү мыйзамы колго алынсын

 

3. Чеч-Дөбө айылынын тургундары менен Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде айдоого жараксыз таштак түшүмдүүлүгү аз жараксыз таштак жерлерди мөмө-жемиш бактары категориясынын трансформациясына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке жана жер адиси Э.Ш. Ажыкуловко милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

5. Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

 

6.   .Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

7.   Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.