Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2023-жылдын 20-сентябры № 147
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин сунушуну жана Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Медициналык борбор ажатканасына, Көк-Таш мечитине электр жабдуутарын алуу, медициналык борбордун айланасын тазалоого ажатканын ордун казууга акча каражатын бөлүп берүү сунушу жактырылсын
.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Өзгөрүш айылында бүткөн медициналык борбордун ажааткана курулушуна – 144,0 сом.
Көк-Таш айылындагы Көк-Таш мечитинин бүткөрүлгөндүгүнө байланыштуу электр жабдууктарын алууга – 30,0 сом.
Жаңы бүткөрүлгөн медициналык борбордун айланасына кум, шагыл төшөөгө жана ажаатканын чукурун казууга 46 150 сом жергиликтүү бюджеттин кошумча киреше салыгынан түшүүчү каражаттан жумшалсын.
3. Оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке жана тиешелүү адистерге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
5. Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
6. .Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов. |