Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

2023-жылдын 27-ноябры № 163

Кызыл-Өзгөрүш Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Камыш-Башы айылына таза суу чыгаруу максатында айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин жана бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл –Өзгөрүш айыл аймагындагы Камыш-Башы айылына таза суу чыгаруу боюнча сунушу колдоого алынсын.

 

2.Кмыш-Башы айылына таза суу чыгарууга Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондусу тарабынан каржылоого алган айыл көчөлөрүнө суу түтүктөрүн орнотууга түзүлгөн жалпы сметалык нарктын 10% ти 3 434 510 сом 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

 

 

3. Токтомду ишке ашырып иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.

 

 

4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердлик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага тапшырылсын..

 

6.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.