Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2023-жылдын 9-ноябры № 151
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин сунушунун негизинде Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1..Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына тартылган инвестициялардын өздүк салымдары Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде кабыл алынсын.
2.№ 37 С. Чекиров атындагы орто мектебине АРИС уюму тарабынан ашкана жана китепкана куруу боюнча 9 500 000 сомдук долбоору жактырылсын.
3.Долбоордун курулушуна түзүлгөн проекттик – сметалык иш кагаздары жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып бүткөрүлгөндүгү эске алынсын.
4.№ 37 С. Чекиров атындагы орто мектебинин ашкана китепканасына түзүлгөн 11 000 000 сомдук сметалык иш-кагаздарына АРИС уюму тарабынан бөлүнгөн акча каражатынын жетишпегендигине байланыштуу 1 500 000 сом каражат райондук атайын эсеп башкармалыгынан бөлдүртүү жагы жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
6.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
7.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов. |