Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2023-жылдын 9-ноябры № 150
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин сунушунун негизинде Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1..Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына тартылган инвестициялардын өздүк салымдары Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде кабыл алынсын.
2.Камыш-Башы айылындагы курулуп жаткан Таза-Суу үчүн скважина курууга Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен түзүлгөн долбоор жактырылсын.\
3.Камыш – Башы айылындагы курулуп жаткан Таза суу үчүн скважинага .өздүк салымга каралган каражат 984 552 сом айыл өкмөтүн жергиликтүү бюджеттинен бөлүнүп берилсин.
4.Долбоорду ишке ашыруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К. Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
6.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
7.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов. |