Редакцияот 23.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы

2023-жылдын 23-августу № 136

Кызыл –Өзгөрүш айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ч. Тууганбаевтин сунушун угуп жана талкуулап.

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVI I сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.Кызыл – Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен2023 жылдын экинчи жарым жылында жылдыруу жана ашыкча түшкөн кирешенин эсебинен өз жолу менен төмөнкү иш чараларга каражат жумшоо жагы каралсын.

 

1.1.Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, райондун борборунда өтүүчү салтанаттуу иш-чарага катышууга жергиликтүү бюджетте бекитилген 20 000 сомдон сырткары 35 000 сом.

 

1.2. Айыл өкмөтүнүн даараткана курулушуна – 100,073 сом.

 

1.3. Камыш _ Башы айылына таза суунун иш кагаздарын бүткөрүүгө – 500 000 сом

 

1.4.№ 37 С. Чекиров атындагы орто билим берүү мектебинин ашкана, китепкана курулуш иштеринин иш-кагаздарын бүткөрүүгө -170 000 сом.

 

1.5. Коңур – Өгүз суусунда курулуп бүткөн көпүрөнүн эки жагын тегиздеп иретке келтирүүгө – 31 000 сом.

 

1.6. № 35 Ж. Чаргынов атындагы орто билим берүү мектебинин 2014-жылы дем берүүчү грант тарабынан курулган кичи футболдук аянтчанын оңдоп – түзөө иштерине –200 000 сом

 

1.7. Айыл аймагына караштуу Камыш-Башы айылына аймактагы профилактикалык иш- чараларды уюштурууга жана ветеринардык фито санитардык коопсуздукту алдын алуу максатында мал камоо үчүн курулуш материал алууга республикалык бюджеттен юридикалык жактардын жер салыгынан түшүүчү каражаттын эсебинен 310 000 сом.

 

1.8. Айыл аймактын Бууракан айылынын тургуну А. Дадиевтин үйүнүн айланасынан саз чыккандыгына байланыштуу айыл башчы жана А. Дадиевтин сунушуна ылайык – 30 000 сом

 

1.9.Элдин малын 2023-жылдын жаз мезгилинде малдардан коруган 3 – кароолчуга 30 000 сом, ошондой эле күз мезгилинде 4 – кароолчуга 12 000 сомдон 48 000 сом эмгек акыларына бөлүнүп берилсин. Ошондой эле каналды кайтарган кароолчуга (май, июнь, июль, август, сентябрь) айлары үчүн 25 000 сом.

Жалпы 103 000 сом бөлүнсүн.

 

1.10.2023-2024-жаңы окуу жылыны карата төмөнкү мектептердин концелярдык жана чарбалык иштерине № 36 А. Ибраимов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине – 18 000сом, № 38 М. Термечиков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине – 28 255 сом.

 

1.11.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31 –майындагы № 291 “Жер мунапысынын аткарылышы боюнча жобого” ылайык, трансформациялоо жерлерин топосъемкага түшүрүү үчүн керектелүүчү сумманы эсеп –кысап иштеринин негизинде бөлүнүп берилсин.

 

1.12. Айыл аймак жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында Коңур Өгүз суусунун башына суу топтолуучу дамба куруу үчүн – 100 00 сом.

 

1.13. Кызыл – Өзгөрүш айыл аймагынын маданият үйүнүн ички оңдоп-түзөө иштерине – 5 840 сом.

 

1.14. Маданият үйүндө ар кандай даталуу күндөрдү өткөрүү үчүн 10 000 сом бөлүнүп берилсин.

 

2. Каралган каражатты өз максатында жумшап пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке жана ФЭП башчысы Ж. К. Садыковко тапшырылсын.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

4.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

 

5.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.