КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2023-жылдын 20-сентябры № 142
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023- жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” № 215 сандуу Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 216-б буйругун угуп жана талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында экинчи «Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» жобосу колдоого алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагы боюнча айыл-айылдар арасында элдик жыйындарды өткөрүү боюнча депутаттардын, коомдук уюмдардын, айыл өкмөт кызматкерлери тарабынан убактылуу жумушчу топтор түзүлсүн.
3. Убактылуу жумушчу топторго айыл айыл боюнча бөлүнгөн жергиликтүү курултайга тиешелүү өкүлдөрдү камсыз кылуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
4.Айыл-айыл боюнча убактылуу топторго иштөө графиги иштелип чыгарылсын жана белгиленген мөөнөтө аткаруу жагы милдеттендирилсин.
5.Алыскы айылдарга барыш үчүн материалдык ( күйүүчү май, автоунаа) чечип берүү жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке жана айыл өкмөт бухгалтериясына тапшырылсын.
4..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
8.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
9.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов. |