КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры № 158
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын атайын эсептеги координатору Кубат уулу Эрмектин маалыматтын жана Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл –Өзгөрүш айыл аймагында 640 000 сомдук атайын эсептен сугат сууга коюлган суу бөлүштүрүүчү щиттердин жана курулуп бүткөрүлгөн курулуштардын мыйзамдуулугун сапаттын текшерүү максатында убактылуу текшерүү комиссиясы түзүлсүн.
2.Убактылуу комиссияга айылдык кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү М.Ө Сатаров, Г.С. Тургуналиева мүчө болушсун.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп ишке ашыруу жагы тиешелүү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомду ишке ашыруу жагы Курулуш, архитектура , энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
5.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
7.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов. |