Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

2023-жылдын 27-ноябры № 157

Курулуш, архитектура , энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл –Өзгөрүш айыл аймагында сатылып жаткан көмүрдүн баасын туруктуу кармоо максатында айыл башчыларга эл арасында көмүр саткан жарандар менен иш алып баруу жагы тапшырылсын.

 

2.Токтомду көзөмөлдөп ишке ашыруу жана райондук антимонолиялык көзөмөл уюму менен биргеликте туруктуу бааны кармоо жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин..

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курулуш, архитектура , энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

4.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

 

5.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.