Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

2023-жылдын 27-ноябры № 154

Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде 2023-жылга төмөндөгүдөй акча каражатын жумшоо жагы каралсын.

 

1.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 291 токтомуна ылайык жер мунаписин ишке ашыруу үчүн ашыкча чыккан жерлердин топосъемкасын чийдирүүгө - 70 000 сом

2.  “Жашыл мурас ” улуттук иш чаранын алкагында курулуп бүткөн медициналык борборуна көрктөндүрүү үчүн - 25 000 сом.

3.  № 36 А. Ибраимов атындагы орто мектебине принтер алуу үчүн – 35 000 сом.

4.  № 31 К.Чодошев атындагы орто мектебине жана № 6 Айдарбек Айбеков“ атындагы бала бакчасына декабрь айында таза суу менен камсыз кылуу үчүн. - 12 000 сом

5.  Айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасынын күйүүчү майынын кошумча лимиттен ашыкча сарптоого – 50 000 сом

6.  “Өнүгүү –Башаты ” муниципалдык ишканасынын окуучуларды ташуучу автоунааларга запасттык тетиктерди алуу үчүн. - 35 000 сом бөлүнүп.

7.  Айыл өкмөтүнүн кеңсесин тейлеген 2- тех кызматкерлерге кыш мезгили (декабрь, январь, февраль, март, апрель) айлары үчүн айына 5000 сомдон, 5 айга – 50 000 сом бөлүнүп берилсин.

 

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

3.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

 

4.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.