Редакцияот 25.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

2023-жылдын 25-декабры № 169

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушунун негизинде

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл –Өзгөрүш айыл аймагында айылдарда көчөлөргө коюлган көчө аттары боюнча айтылган сунуш-пикирлер эске алынсын..

 

2.Көчөгө коюлган көчө аттарына жоопкерчиликтүү көчө комитетинин төрагаларынын жоопкерчилигин көтөрүү боюнча 2024-жылы иш-чара иштелип чыгып ишке ашыруу жагы айыл өкмөт тарабынан колго алынсын.

 

3.Көчөлөрдү талапка ылайык тазалыктарын сактоону камсыз кылуу тиешелүү айыл башчылар менен көчө комитетинин төрагаларына милдеттендирилсин.

 

4.Көчөнү өз нугунда мыйзам чегинде кармабаган көчө комитеттерине айылдык кеңештин 27-январь 2023-жылдагы IX чакырылышынын кезектүү I сессиясынын № 3 токтомунун негизинде тиешелүү чараларды көрүү айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.

 

5.. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин коргоо Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери , спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..

 

7.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

 

8.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.