Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
2023-жылдын 25-декабры № 167
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш , тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын сунушунун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл –Өзгөрүш айыл аймагында айыл ичиндеги жолдорду камсыз кылып сапаттуу кармоо максатында айыл ичиндеги жана жайыт жолдорун камсыз кылуу максатында жол түзөөчү автогрейдер сатып алууга Токтогул райондук Өнүктүрүү фондуна жазылып ишке ашып жаткан долбоордун жалпы суммасы 5 000 000 сомдук долбоорго айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилүүчү 10% 500 000 сом акча каражатты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Айыл аймагында жайгашкан № 35 Ж. Чаргынов атындагы орто мектебине окуучулардын тамак- ичүү үчүн ашканасына тиешелүү мебелдерди алуу үчүн ошол эле Токтогул Өнүктүрүү Фонду тарабынан жактырылган жалпы суммасы 720 000 сомдук долбоорго айыл өкмөтү тарабынан 10:% 72 000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3.Айыл аймагындагы ишке ашырылып жаткан долбоорлорго бөлүнүп берилген акча каражаттарына кепилдик кат берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ч. Тууганбаевке жана тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
4 Тиешелүү токтомду ишке ашыруу жана көзөмөлдүк кылуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш , тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
6.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
7.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов. |