Редакцияот 23.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVI I сессиясы

2023-жылдын 23-августу № 140

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу “”Өнүгүү – Башаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.М. Өскөнбаевтин айыл тургундарынын окуучу балдарын мектепке ташуучу кичи автоунааларын оңдоо үчүн киргизилген сунушунун негизинде, Кызыл- Өзгөрүш айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтын угуп, талкуулап

.

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасына тиешелүү окуучуларды ташуучу кичи автоунааларды оңдоп – түзөө үчүн суралган акча каражаты жактырылсын.

 

2.Акча каражаттары Чеч-Дөбө, Орто-Жон айылдарынынын жана Опоз участкасынын окуучуларын ташуучу кичи автоунаанын тетиктерин алмаштырууга 27 000 сом, Камыш –Башы, Коңур- Өгүз, Шайык айылдарынын окуучуларын ташуучу кичи автоунаагнын тетикреин аамаштыруу үчүн – 20 000 сом, жалпы эки окуучуларды ташыган кичи автоунаага 47 000 сом акча каражатын бөлүп берүү менен бөлүнгөн акча каражатын .өз багытына жумшоо жагын карап камсыздандыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ч. Тууганбаевке жана “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин. .

 

3. Керектелүүчү акча каражаттын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭП башчысы Ж.К. Садыковко жүктөлсүн.

 

4..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

8.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

 

9.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

10.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.