Редакцияот 22.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 2024-жылдын 22-майы № 258

Кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

Кесиптик билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

3) Кесиптик билим берүү уюмдарынын окуу басылмаларына Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын грифин ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү жана бешинчи абзацтары;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун төртүнчү абзацы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2 жана 3-пункттары.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кир

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров