Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз  ХIV сессиясы

 

2024-жылдын 11-апрели   № 14/4

С.Орозбак уулу атындагы орто мектебине акча каражат бөлүү жөнүндө

Кочкор районун өнүктүрүү фондусуна даярдалып жаткан Ормон-Хан айыл аймагына караштуу Кара-Саз айылындагы С.Орозбак уулу атындагы орто мектебинин дааратканасын куруу 1 063 000 долбооруна өздүк салым катары 126 000 сом бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматты угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кочкор айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

  1. Ормон-Хан айыл аймагына караштуу Кара-Саз айылындагы С.Орозбак уулу атындагы орто мектебинин дааратканасын куруу 1 063 000 (бир миллион алтымыш үч мин) сомдук долбооруна өздүк салым катары 126 000 (жүз жыйырма алты мин) сом айыл аймактын бюджетинин өздүк салымдар беренесинен бөлүнсүн.
  2. Долбоор тиешелүү жактардан жактырылган учурда тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

  

       

  

Төраганын орун басары

Н. Сакыева