Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 23-майы № 263-т
Медицина чөйрөсүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү, телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жол-жоболорун өнүктүрүү максатында:
2010-жылдын 19-ноябрындагы Биргелешкен улуттук телемедициналык системаларды түзүүдө жана аларды андан ары өнүктүрүүдө жана пайдаланууда КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |