БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 29-сентябрындагы № 140
Бекмолдо айыл аймагынын Кеӊеш айылынын тургуну Калыбаева Минардын жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекмолдо айыл аймагынын Кеӊеш айылынын тургуну Калыбаева Минардын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кеңеш айылынын тургуну Калыбаева Минар жумуш учурунда жаракат алып, жамбаш сөөгү сынып кеткен, операция жасатууга, дарыланууга жана дары дармек алуу үчүн 80 000 (сексен миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |