Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы N 258 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кесиптик орто билим берүү уюмдарында (мындан ары - ОКБ билим берүү уюму) кесиптик орто билим берүү программасы боюнча окууну аяктаган бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо милдеттүү болуп саналат.
2. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо аккредитациясы бар ОКБ билим берүү уюмдарында өткөрүлөт жана билим деңгээли жана квалификациясы жөнүндө мамлекеттик жана/же өздүк үлгүдөгү документ берүү менен аяктайт.
3. Аккредитациясы жок ОКБ билим берүү уюмдарында билим алган бүтүрүүчүлөрдүн бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жана мамлекеттик үлгүдөгү диплом алууга укугу мамлекеттик ОКБ билим берүү уюмдары аркылуу камсыз кылынат.
4. ОКБ билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо үчүн ар бир адистик боюнча мамлекеттик аттестациялык комиссиянын курамы бекитилет.
Мамлекеттик аттестациялык комиссиялар бир календардык жылдын ичинде иштейт.
5. Мамлекеттик аттестациялык комиссиялар өз ишинде ушул Жобону, кесиптик орто билим берүүнүн конкреттүү адистиктери боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде ОКБ билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгуучу окуу-методикалык документтерди жетекчиликке алат.
2-глава. Жыйынтыктоочу мамлекеттик сынактардын түрлөрү
6. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо мамлекеттик аттестациялык сынактардын төмөнкү түрлөрүнөн турат:
1) өзүнчө дисциплина боюнча жыйынтыктоочу экзамен;
2) адистик боюнча жыйынтыктоочу дисциплиналар аралык экзамен;
3) бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоо.
7. Өзүнчө дисциплина боюнча жыйынтыктоочу экзамен бүтүрүүчүнүн окуу программасында каралган материалды өздөштүрүү деңгээлин аныктоого жана тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандартында белгиленген ошол дисциплинанын минималдуу мазмунун камтууга тийиш.
8. Бүтүрүүчү квалификациялык иш конкреттүү милдеттерди чечүүдө бүтүрүүчүнүн адистик боюнча билимди системалаштырууга жана бекемдөөгө көмөктөшүүгө, ошондой эле бүтүрүүчүнүн өз алдынча иштөөгө даярдыгынын деңгээлин аныктоого багытталган. Бүтүрүүчү квалификациялык иш дипломдук иш же дипломдук долбоор түрүндө аткарылат. Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин тематикасы ОКБ билим берүү уюму тарабынан аныкталат. Бүтүрүүчүгө бүтүрүүчү квалификациялык иштин темасын тандоо, анын ичинде иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугун негиздөө менен өзүнүн темасын сунуштоо укугу берилет. Бүтүрүүчү квалификациялык ишти даярдоодо ар бир бүтүрүүчүгө жетекчи жана консультанттар дайындалат.
9. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун курамына кирген аттестациялык сынактардын убактысынын көлөмү жана түрү (түрлөрү) кесиптик орто билим берүүнүн адистиктери боюнча мамлекеттик билим берүү стандарты менен белгиленет. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун курамына киргизилген аттестациялык сынактар учурдагы жетишүүсүн контролдоонун жана бүтүрүүчүнү орто аралык аттестациялоонун негизинде даярдыгынын деңгээлин баалоо менен алмаштырылбайт.
10. Адистиктер боюнча жыйынтыктоочу дисциплиналар аралык экзамендердин айрым дисциплиналары боюнча жыйынтыктоочу экзамендердин программалары, бүтүрүүчү квалификациялык иштерге талаптар, ошондой эле аттестациялык сынактарда билимди баалоонун критерийлери алар билим берүү уюмунун кеңешинин жыйналышында талкуулангандан кийин ОКБ билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилет.
3-глава. Мамлекеттик аттестациялык комиссиялар
11. Мамлекеттик аттестациялык комиссиялар өз ишинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарын, ушул Жобону, кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын, ОКБ билим берүү уюмдары тарабынан иштелип чыккан окуу-методикалык документтерди жана окуу-методикалык кеңештердин сунуштарын жетекчиликке алат.
12. Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына бүтүрүүчүнү даярдоонун шайкештигин аныктоо;
2) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын натыйжасы боюнча квалификация ыйгаруу жана бүтүрүүчүгө кесиптик орто билими жөнүндө мамлекеттик/өздүк үлгүдөгү тиешелүү документти берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) мамлекеттик аттестациялык комиссиянын ишинин жыйынтыгынын негизинде бүтүрүүчүлөрдү даярдоону өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу.
13. Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын төрагасы тиешелүү профилдеги бүтүрүүчүлөр үчүн потенциалдуу иш берүүчү болуп саналган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрү болууга тийиш, ал эми алар жок болгон учурда - ошол профилдеги/адистиктеги илимдин доктору же кандидаты. Төрага ошол ОКБ билим берүү уюмунда иштебеген адам болууга тийиш. Бир эле адам катары менен эки жылдан ашык мамлекеттик аттестациялык комиссиянын төрагасы боло албайт.
ОКБ билим берүү уюму ар бир адистик боюнча ошол мамлекеттик аттестациялык комиссиялардын төрагаларынын маалыматтар базасын өз алдынча түзөт.
14. Мамлекеттик аттестациялык комиссия ОКБ билим берүү уюмунун окутуучуларынын жана башка мекемелерден чакырылган адамдардын: иш берүүчүлөрдүн, башка билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоо профили боюнча ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин адистеринин ичинен түзүлөт. Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн курамы жана төрагасы билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилет.
4-глава. Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоону өткөрүү тартиби
15. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого кирген аттестациялык сыноолорду өткөрүүнүн шарттары ОКБ билим берүү уюму тарабынан аныкталат жана жыйынтыктоочу аттестациялоо башталганга чейин алты айдан кечиктирбестен бүтүрүүчүлөргө маалымдалат. Бүтүрүүчүлөр экзамендердин программалары менен камсыз болот, аларга даярдануу үчүн зарыл шарттар түзүлөт, анын ичинде консультациялар берилет.
16. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 "Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуунун тартибине ылайык аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоосун өткөрүүгө жол берилет.
Ошол эле учурда купуялуулук режимин сактоону талап кылган, жеткиликтүүлүгү чектелген грифи бар дисциплиналар боюнча, ошондой эле маданият жана искусство ОКБ билим берүү уюмдарында атайын чыгармачыл дисциплиналар боюнча аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоосун өткөрүүгө жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болгон бүтүрүүчүлөр үчүн күтүлбөгөн кырдаалдар пайда болгон учурда жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо ушул Жободо каралган жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүүнүн бардык жол-жоболорун сактоо менен аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде өткөрүлүшү мүмкүн.
17. Адистик боюнча жыйынтыктоочу дисциплиналар аралык экзаменге жана бүтүрүүчү квалификациялык ишти коргоого негизги кесиптик билим берүү программаларынын бири боюнча толук окуу курсун аяктаган жана окуу планында каралган бардык мурунку аттестациялык сынактардан ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөр киргизилет.
Өзүнчө дисциплина боюнча жыйынтыктоочу экзамен кесиптик билим берүү программасы боюнча толук окуу курсун аяктаганга чейин жүргүзүлүшү мүмкүн.
18. Жыйынтыктоочу экзаменди тапшыруу жана бүтүрүүчү квалификациялык ишти коргоо аттестациялык комиссиясынын курамынын үчтөн экисинен кем эмесинин катышуусу менен ачык жыйналышында өткөрүлөт.
19. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого киргизилген мамлекеттик аттестациялык сынактардын натыйжалары ОКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленген баллдык система боюнча "эң жакшы", "жакшы", "канааттандырарлык", "канааттандырарлык эмес" деген бааларга которуу менен бааланат жана комиссиянын жыйналыштарынын протоколдору белгиленген тартипте таризделгенден кийин ошол эле күнү жарыяланат.
20. Мамлекеттик аттестациялык комиссияларынын чечимдери жабык жыйналыштарда комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болгондо төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
21. ОКБ билим берүү уюмунун бүтүрүүчүсүнө тиешелүү квалификацияны ыйгаруу жана ага кесиптик орто билими жөнүндө документти берүү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого киргизилген аттестациялык сынактардын бардык белгиленген түрлөрүн ийгиликтүү өткөн шартта ишке ашырылат.
22. Бардык экзамендерди "эң жакшы", "жакшы" деген баага тапшырган жана окутуунун бардык мезгилинде орточо баллы (GPA - Grade Point Average) 3,75тен төмөн эмес болгон, ошондой эле бардык мамлекеттик аттестациялык сынактарды тапшырган жана бүтүрүүчү квалификациялык ишти "эң жакшы" деген баага коргогон бүтүрүүчүгө артыкчылык менен диплом берилет. Жалпы окуу мезгилиндеги бүтүрүүчүнүн орточо баллы дипломдун тиркемесинде көрсөтүлөт.
23. Жүйөлүү себептер менен (медициналык көрсөткүчтөр, үй-бүлөлүк шарттар, документ менен ырасталган) жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордон өтпөгөн бүтүрүүчүлөргө ОКБ билим берүү уюмунан чыгарбастан, жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордон өтүүгө мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш.
Мамлекеттик аттестациялык комиссияларынын кошумча жыйналыштары ОКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленген тартипте уюштурулат.
Жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордон өтпөгөн бүтүрүүчүлөр жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны кайрадан тапшырууга үч айдан эрте эмес жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон биринчи жолу өткөндөн кийин беш жылдан кечиктирилбестен киргизилет.
Оң бааны жогорулатуу максатында жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолорду кайра тапшырууга жол берилбейт.
24. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжалары ОКБ билим берүү уюмунун педагогикалык кеңешинин жыйналышында мамлекеттик аттестациялык комиссияларынын төрагаларынын жазуу жүзүндөгү отчетторунун негизинде угулат. Жыйналыштын протоколдору жана мамлекеттик аттестациялык комиссияларынын ишинин отчеттору ОКБ билим берүү уюмунун архивинде сакталат. Мамлекеттик аттестациялык комиссияларынын отчеттору адистерди кесиптик даярдоонун сапатын өркүндөтүү боюнча сунуштамалар менен электрондук вариантта билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ал аяктагандан кийин эки айлык мөөнөттө берилет. Зарыл болгон учурда билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик аттестациялык комиссияларынын төрагаларынын отчетторунун түп нускасын сурап алууга укуктуу.
25. ОКБ билим берүү уюмдарынын мамлекеттик аттестациялык комиссияларынын ишине мониторинг жүргүзүү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы N 258 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто
билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын
бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кесиптик орто билим берүү уюмдарында (мындан ары – ОКБ билим берүү уюму) кесиптик орто билим берүү программасы боюнча окууну аяктаган бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо милдеттүү болуп саналат.
2. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо аккредитациясы бар ОКБ билим берүү уюмдарында өткөрүлөт жана билим деңгээли жана квалификациясы жөнүндө мамлекеттик жана (же) өздүк үлгүдөгү документ берүү менен аяктайт.
3. Аккредитациясы жок ОКБ билим берүү уюмдарында билим алган бүтүрүүчүлөрдүн бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жана мамлекеттик үлгүдөгү диплом алууга укугу мамлекеттик ОКБ билим берүү уюмдары аркылуу камсыз кылынат.
4. ОКБ билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо үчүн ар бир адистик боюнча мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын курамы бекитилет.
Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары бир календардык жылдын ичинде иштейт.
5. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары өз ишинде ушул Жобону, кесиптик орто билим берүүнүн конкреттүү адистиктери боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде ОКБ билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгуучу окуу-методикалык документтерди жетекчиликке алат.
2-глава. Жыйынтыктоочу мамлекеттик сынактардын түрлөрү
6. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо мамлекеттик аттестациялык сынактардын төмөнкү түрлөрүнөн турат:
1) бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоо;
2) мамлекеттик экзамен;
3) жыйынтыктоочу отчетту (бизнес-планды, стартап-долбоорду, колдонмо долбоорду же практикалык колдонууга жана (же) мүмкүн болгон коммерциялык сатууга багытталган башка натыйжаны) аткаруу менен практика (такшалма).
ОКБ билим берүү уюмунун чечими боюнча бүтүрүүчү квалификациялык иш жыйынтыктоочу отчетту (бизнес-планды, стартап-долбоорду, колдонмо долбоорду же практикалык колдонууга жана (же) мүмкүн болгон коммерциялык сатууга багытталган башка натыйжаны) аткаруу менен практикага (такшалмага) алмаштырылышы мүмкүн.
7. Өзүнчө дисциплина боюнча жыйынтыктоочу экзамен бүтүрүүчүнүн окуу программасында каралган материалды өздөштүрүү деңгээлин аныктоого жана тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандартында белгиленген ошол дисциплинанын минималдуу мазмунун камтууга тийиш.
8. Бүтүрүүчү квалификациялык иш конкреттүү милдеттерди чечүүдө бүтүрүүчүнүн адистик боюнча билимин системалаштырууга жана бекемдөөгө көмөктөшүүгө, ошондой эле бүтүрүүчүнүн өз алдынча иштөөгө даярдыгынын деңгээлин аныктоого багытталган. Бүтүрүүчү квалификациялык иш дипломдук иш же дипломдук долбоор түрүндө аткарылат. Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин тематикасы ОКБ билим берүү уюму тарабынан аныкталат. Бүтүрүүчүгө бүтүрүүчү квалификациялык иштин темасын тандоо, анын ичинде иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугун негиздөө менен өзүнүн темасын сунуштоо укугу берилет. Бүтүрүүчү квалификациялык ишти даярдоодо ар бир бүтүрүүчүгө жетекчи жана консультанттар дайындалат.
Практика (такшалма) өтүүнүн жана бүтүрүүчү квалификациялык иштин ордуна жыйынтыктоочу отчетту аткаруунун тартиби жана мөөнөттөрү ушул Жобонун, кесиптик орто билим берүүнүн тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде ОКБ билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
9. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун курамына кирген аттестациялык сынактардын убактысынын көлөмү жана түрү (түрлөрү) кесиптик орто билим берүүнүн адистиктери боюнча мамлекеттик билим берүү стандарты менен белгиленет. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун курамына киргизилген аттестациялык сынактар учурдагы жетишүүсүн контролдоонун жана бүтүрүүчүнү орто аралык аттестациялоонун негизинде даярдыгынын деңгээлин баалоо менен алмаштырылбайт.
10. Адистиктер боюнча жыйынтыктоочу дисциплиналар аралык экзамендердин айрым дисциплиналары боюнча жыйынтыктоочу экзамендердин программалары, бүтүрүүчү квалификациялык иштерге талаптар, ошондой эле аттестациялык сынактарда билимди баалоонун критерийлери алар билим берүү уюмунун кеңешинин жыйынында талкуулангандан кийин ОКБ билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилет.
3-глава. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары
11. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары өз ишинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарын, ушул Жобону, кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын, ОКБ билим берүү уюмдары тарабынан иштелип чыккан окуу-методикалык документтерди жана окуу-методикалык кеңештердин сунуштамаларын жетекчиликке алат.
12. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына бүтүрүүчүнү даярдоонун шайкештигин аныктоо;
2) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын натыйжасы боюнча квалификацияны ыйгаруу жана бүтүрүүчүгө кесиптик орто билими жөнүндө мамлекеттик/өздүк үлгүдөгү тиешелүү документти берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын ишинин натыйжасынын негизинде бүтүрүүчүлөрдү даярдоону өркүндөтүүгө багытталган сунуштамаларды иштеп чыгуу.
13. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын төрагасы тиешелүү профилдеги бүтүрүүчүлөр үчүн потенциалдуу иш берүүчү болуп саналган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрү, ал эми алар жок болгон учурда – ошол профилдеги/адистиктеги илимдин доктору же кандидаты болууга тийиш. Төрага ошол ОКБ билим берүү уюмунда иштебеген адам болууга тийиш. Бир эле адам катары менен эки жылдан ашык мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын төрагасы боло албайт.
ОКБ билим берүү уюму ар бир адистик боюнча мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын төрагаларынын маалыматтар базасын өз алдынча түзөт.
14. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы ОКБ билим берүү уюмунун окутуучуларынын жана башка мекемелерден чакырылган адамдардын: иш берүүчүлөрдүн, башка билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоо профили боюнча ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин адистеринин ичинен түзүлөт. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн курамы жана төрагасы билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилет.
4-глава. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү тартиби
15. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого кирген аттестациялык сыноолорду өткөрүүнүн шарттары ОКБ билим берүү уюму тарабынан аныкталат жана жыйынтыктоочу аттестациялоо башталганга чейин алты айдан кечиктирбестен бүтүрүүчүлөргө маалымдалат. Бүтүрүүчүлөр экзамендердин программалары менен камсыз болот, аларга даярдануу үчүн зарыл шарттар түзүлөт, анын ичинде консультациялар берилет.
16. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 «Аралыктан билим берүү технологияларын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу тартибине ылайык аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүүгө жол берилет.
Ошол эле учурда купуялуулук режимин сактоону талап кылган, жеткиликтүүлүгү чектелген грифи бар дисциплиналар боюнча, ошондой эле маданият жана искусство ОКБ билим берүү уюмдарында атайын чыгармачыл дисциплиналар боюнча аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүүгө жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болгон бүтүрүүчүлөр үчүн күтүлбөгөн кырдаалдар пайда болгон учурда жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо ушул Жободо каралган жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүүнүн бардык жол-жоболорун сактоо менен аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде өткөрүлүшү мүмкүн.
17. Адистик боюнча жыйынтыктоочу дисциплиналар аралык экзаменге жана бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоого негизги кесиптик билим берүү программаларынын бири боюнча толук окуу курсун аяктаган жана окуу планында каралган бардык мурунку аттестациялык сынактардан ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөр киргизилет.
Өзүнчө дисциплина боюнча жыйынтыктоочу экзамен кесиптик билим берүү программасы боюнча толук окуу курсун аяктаганга чейин жүргүзүлүшү мүмкүн.
18. Жыйынтыктоочу экзамендерди тапшыруу жана бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоо аттестациялоо комиссиясынын курамынын үчтөн экисинен кем эмесинин катышуусу менен ачык жыйынында өткөрүлөт.
19. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого киргизилген мамлекеттик аттестациялык сынактардын натыйжалары ОКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленген баллдык система боюнча «эң жакшы», «жакшы», «канааттандырарлык», «канааттандырарлык эмес» деген бааларга которуу менен бааланат жана комиссиянын жыйындарынын протоколдору белгиленген тартипте таризделгенден кийин ошол эле күнү жарыяланат.
20. Мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын чечимдери жабык жыйындарында комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болгондо төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
21. ОКБ билим берүү уюмунун бүтүрүүчүсүнө тиешелүү квалификацияны ыйгаруу жана ага кесиптик орто билими жөнүндө документти берүү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого киргизилген аттестациялык сынактардын бардык белгиленген түрлөрүн ийгиликтүү өткөн шартта жүзөгө ашырылат.
22. Бардык экзамендерди «эң жакшы», «жакшы» деген баага тапшырган жана окутуунун бардык мезгилинде орточо баллы (GPA – Grade Point Average) 3,75тен төмөн эмес болгон, ошондой эле бардык мамлекеттик аттестациялык сынактарды тапшырган жана бүтүрүүчү квалификациялык ишти «эң жакшы» деген баага жактаган бүтүрүүчүгө артыкчылык менен диплом берилет. Бүтүрүүчүнүн жалпы окуу мезгилиндеги орточо баллы дипломдун тиркемесинде көрсөтүлөт.
23. Жүйөлүү себептер менен (медициналык көрсөткүчтөр, үй-бүлөлүк шарттар, документ менен ырасталган) жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордон өтпөгөн бүтүрүүчүлөргө ОКБ билим берүү уюмунан чыгарбастан, жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордон өтүүгө мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш.
Мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын кошумча жыйындары ОКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленген тартипте уюштурулат.
Жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордон өтпөгөн бүтүрүүчүлөргө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон кайра өтүүгө үч айдан эрте эмес жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон биринчи жолу өткөндөн кийин беш жылдан кечиктирилбестен жол берилет.
Оң бааны жогорулатуу максатында жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолорду кайра тапшырууга жол берилбейт.
24. ОКБ билим берүү уюму тарабынан мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын бардык жыйындары видеотартуу менен камсыздалат.
25. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжалары ОКБ билим берүү уюмунун педагогикалык кеңешинин жыйынында мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын төрагаларынын жазуу жүзүндөгү отчетторунун негизинде угулат. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын жыйынындарынын протоколдору жана видеожазуулары, ишинин отчеттору ОКБ билим берүү уюмунун архивинде сакталат. Мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын отчеттору адистерди кесиптик даярдоонун сапатын өркүндөтүү боюнча сунуштамалар менен электрондук вариантта билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ал аяктагандан кийин эки айлык мөөнөттө берилет. Зарыл болгон учурда билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын төрагаларынын отчетторунун түп нускасын сурап алууга укуктуу.
26. ОКБ билим берүү уюмдарынын мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын ишине мониторинг жүргүзүү билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
5-глава. Мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын
ишине текшерүү жүргүзүү тартиби
27. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын бүтүрүүчүгө квалификация ыйгаруу жана кесиптик орто билими жөнүндө диплом берүү жөнүндө чечими ушул Жобого ылайык жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары менен ырасталган жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү тартибин жана (же) билими жөнүндө документтерди берүү тартибин олуттуу бузуулар аныкталган учурда билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.
28. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү тартибин бузуулар аныкталган учурда билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган кызматтык (комиссиялык) текшерүү жүргүзүүнү демилгелөөгө милдеттүү.
29. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү тартибин бузууларга төмөнкүлөр кирет:
1) экзаменди өткөрүүнүн, бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоонун же жыйынтыктоочу аттестациялоонун башка формаларынын белгиленген жол-жобосун бузуу;
2) бүтүрүүчүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо учурунда тыюу салынган материалдарды, байланыш каражаттарын же башка техникалык каражаттарды жана (же) маалымат сактагычтарды пайдалануусу;
3) бүтүрүүчүгө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жол берүү тартибин бузуу;
4) үчүнчү жактардын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүүгө катышуусу;
1. жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларын бурмалоо;
6) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүүдө бүтүрүүчүнүн жол берүүнүн же баалоонун натыйжасына таасирин тийгизген негизсиз катышпай калуусу;
7) билим берүү уюму тарабынан белгиленген жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү тартибин анын натыйжаларын баалоонун объективдүүлүгүнө жана аныктыгына таасирин тийгизген башка бузуулар.
30. Кызматтык (комиссиялык) текшерүүнүн натыйжалары боюнча аныкталган бузуу фактылары, алардын мүнөзү, ошондой эле аныкталган бузуулардын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларына тийгизген таасирин баалоо камтылган корутунду түзүлөт.
31. Текшерүү жүргүзүлүп жаткан адам милдеттүү түрдө кабарланууга тийиш жана анын пикирин ырастаган жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле башка документтерди жана материалдарды берүүгө укуктуу.
32. Кызматтык (комиссиялык) текшерүүнүн корутундусун кароонун натыйжасы боюнча билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларын жараксыз деп таануу;
2) бүтүрүүчүгө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон кайра өтүүгө жол берүү;
3) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларын кайра карап чыгуу үчүн негиздердин жоктугу.
33. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларын жараксыз деп таануу жөнүндө чечим мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын чечимин ушул Жободо белгиленген тартипте жокко чыгарууга негиз болуп саналат.
34. Текшерүүнүн натыйжасы боюнча кабыл алынган чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.