КАРА-КАМЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2024-жыл 19-апрель №1
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кара-Камыш айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Камыш айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кара-Камыш айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын жана Кара-Камыш айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” комитети менен “айыл-чарба, жайыт, жер, экология, чек-ара, архитектура жана курулуш маселелери” боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо жыйынын корутундусун карап, жана талкуулап Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Камыш айыл аймагынын административдик аймактык чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилбесин.
2. Кара-Камыш айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы толук камтылбай, кординаттары белгиленбей, түшүнүксүз экендиги белгиленсин.
3. Схемалык картага мурдагы Кара-Суу айыл аймагынын административдик терреториясы (Кара-Төбө, Чаптар-Бээ, Жоон-Төбө, Тоголок-Төбө, Казакбай-Төбө, Шерказы ата айылы, Ак-Терек насостук станциясы, Кара-Таш, Кабактын-Дөңүндөгү телемунара, Ойнок-Жар) кыскарып кеткендиги белгиленсин.
4. Кара-Суу айыл аймагынын Чат, Түрдүк, Кызыл-Көл, жана Сай-Булуң калктуу конуштары, Кара-Камыш көлү, Кашка-Суу, Кызыл-Суу, Муз-Төр, Миң-Бугу, Узун-Акмат кырка тоолору, Ак-Сумбак кырка тоолору, Миң-Теке, Дарбаза, Кум-Бэл толугу менен картага кирбей калгандыгы белгиленсин.
5. Кара-Жыгач айыл аймагынын административдик территориясынын Разан, Күрп-Сай,Кызыл-Бейит, Тагарган, Айдайгактын талаасы, Кара-Камыш айыл аймагына кошулбай калгандыгы белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” комитети менен “айыл-чарба, жайыт, жер, экология, чек-ара, архитектура жана курулуш маселелери” боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
7. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн;
Төрага: | У.К. Жунусалиев |