АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Айдаркен шаардык Кенешинин IV- чакырылышынын кезексиз 33-сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 77
Айдаркен шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасын макулдашуу жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Айдаркен шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Айдаркен шаардык кеңешинин төрагасына жана Айдаркен шаарынын мэрине Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын.
5. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | А.К.Кожомбердиев |