ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз ХIV сессиясы
2024-жылдын 11-апрели № 14/7
Ормон-Хан айыл аймагынын жайлоого кетүүчү мал жандыктардын салыгын, тарифтик өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын жайлоого кетүүчү мал жандыктардын жалпыланып иштелип чыккан салыгын, тарифтик өлчөмүн бекитүү тууралуу«Кочкор» муниципалдык ишкансынын директорунунмаалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Малдын түрүнө жараша алынуучу жайыт акы төмөндөгү тартипте бекитилсин:
-Бир баш бодого (уй, торпок, жылкы, тай, кунан) -100 ( бир жүз) сом
-Бир баш кой, эчкиге - 20 ( жыйырма) сом
-6 айдан өткөн мамалактан баштап бир баш топозго–600 (алты жүз) сом
-бир га чабындыга-1000 (бир мин) сом
-турист тосууга ашкана боз үйүнөн тышкары ар бир боз үйгө-5000 (беш мин) сом
-башка айыл өкмөтүнөн алынган малга жайыт акысы 2,5 эсе өлчөмүндө жана эмделгендиги тууралуу маалымат кагаздары менен биргеликте алынат
-мал жоголсо чабан төлөп берүүгө милдеттүү болсун
- Элдик жыйындарда макулдашылган мал багуунун акысы төмөндөгү тартипте бекитилсин:
-бир баш бодого (уй, бука, жылкы, тай) -500 (беш жүз) сом
-бир баш кой, козу, эчки, улак - 70 (жетимиш) сом
3. Тиешелүү айылдардагы элдик жыйындарда бекитилген баадан ашык ала турган болсо аксакалдар сотуна берилип, иши каралсын.
4. Айыл аймактын аймагында жаз, жай, күз айларында бодо малдарды жана майда мал жандыктарын мезгилдүү багуусу, бал багуунун ички тартип эрежелери, айдоо аянттарды жана үлүш жерлерди коруу, корук уюштурулган жерлерди коруу корукчулар менен тыгыз иштөө максатында төмөндөгүдөй ички тартип эрежелери бекитилсин:
-эки уйдан ашык алып калууга чектөө киргизилсин
-майда мал жандыктарды айылдарда алып калууга тыйуу салынсын
-бир мингич аттан башка жылкыларды алып калууга чектөө киргизилсин
5. Ашыкча бодо малдарды жана майда жандыктарды алып калууда төмөндөгүдөй айып пулдар салынсын:
-бир бодо малга мин сом
-майда мал жандыктарга жүз сом
6. Айдоо аянтрага, үлүш жерлерге бодо малдарды жана майда мал жандыктарды жайса же аркандаса төмөндөгүдөй айып пулдар салынсын:
-бир бодо малга бир жарым мин сом
-майда мал жандыктарга эки жүз элүү сом
7. Айдоо аянтардагы үлүш жерлердеги эгиндерди, чөп чабындыларды бодо малдар жана мал жандыктар тебелеп, жеп жаракчыз абалга келтирсе , дыйкандын бир жылдык түшүмүнүн жарымын төлөп берүү жагы мал ээлерине эскертилсин.
8. Көчүп конуу мөөнөттөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:
-ортонку жайыттарга көчүү 20-апрелден баштап
-алыскы жайыттарга көчүп конуу 1-июндан 10-июнга чейин баштап
-1-октябрдан баштап алыскы жайыттан ички жайыттаргы көчүп тұшұұ мөөнөтөрү белгиленсин
-айдоо аянтары 20-апрелден баштап корук болсун
-жалпы жайлоо убактысы 20-апрелден 1-октябрга чейин бекитилсин
9. Жазында 20-апрелден кеч көчкөндөргө жана күзүндө 1-октябрга чейин келгендерге айып пул салынсын
10. Токтомду аткарууга алуу жагы «Кочкор» муниципалдык ишкансынын директоруна милдеттендирилсин.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Н. Сакыева |