Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХXIХ кезексиз отуруму
2021-жылдын 23-марты №39/5
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Аскалы айылындагы №13 «Гүлкайыр» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинде, тарбияланып жаткан балдардын, ата-энелеринен алынуучу төлөмдөрдүн суммасын белгилөө жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылындагы Аскалы айылындагы №13 « Гүлкайыр» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинде, тарбияланып жаткан балдардын ата-энелери менен болгон чогулушунун протоколдору менен таанышып, угуп, талкуулап
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Аскалы айылындагы №13 «Гүлкайыр» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинде, тарбияланып жаткан балдардын ата-энелеринен алынуучу төлөмдөр, 350 (үч жүз элүү) сом өлчөмүндө белгиленсин .
2.Жогоруда аты аталган мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинде тарбияланып жаткан,балдардын ата-энелеринен алынуучу төлөмдөрдү өз убагында топтоп, аны мыйзам чегинде иштетүү, «Гүлкайыр» мектепке чейинки билим берүү уюму, мекемесинин башчысы Б.Абдыкадыровага тапшырылсын.
3.Июль, август айларында тарбиялануучу балдар үчүн айыл шартына байланыштуу 2 (эки) ай каникул берилип, ата-энелер төлөмдөрдөн бошотулсун.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Пайзылдаевге милдеттендирилсин.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Маташов |