Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 23-майы № 262-т
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:
- "Медициналык максатта этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген I бөлүмдө:
2-главанын 28-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору";
3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 38-пункт менен толукталсын:
"38. Жалал-Абад облустук балдар клиникалык ооруканасы";
12-глава төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
"22. "Диамед центр" жоопкерчилиги чектелген коому";
- "Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген III бөлүмдө:
12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун филиалы - Чүй электр тармактар ишканасы";
74-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"74. "Асман Ойл Компани" жоопкерчилиги чектелген коому";
төмөнкүдөй мазмундагы 121-123-пункттар менен толукталсын:
"121. "Белая река" жоопкерчилиги чектелген коому";
122. "Салих ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коому";
123. "STB" LTD" жоопкерчилиги чектелген коому".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |