Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КАМЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2024-жыл 19-апрель №3

 

“Бадачылардын жайлоого көчүп кетүүсүн,көчүп келүүсүн жана бада акысын бекитип берүү жөнүндө”

 

Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Султамуратовдун жайлоого чыккан бадачылардын бада акысы боюнча эл менен болгон чогулуштун жыйынтыгынын негизинде берген маалыматын угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.    Ар бир бадачыга жана мал ээлерине 1-майдан кечикпей жайлоого көчүп 1-сентябрдан кийин көчүп келүү жагы милдеттендирилсин.

 

2.    Бада акысы, Кара-малга (уй, жылкы) бир айга 750 сом, койго жана эчкиге айына 125 сомдон болуп, жоголгон койго-козу, козуга-3000 сом, ал эми жоголгон эчкиге-улак, улакка-1500 сом мал ээсине төлөнүп берилсин.

 

3.    Өлгөн жандык жеринде телефонго тартылып, сүрөтү ээсине жөнөтүлсүн.

 

4.    Бул токтом Кара-Камыш айылдык кеңешинин kara-kamysh.gov.kg расмий сайтына жарыялансын.

 

5.    Жайлоого чыккан атуулдарга жана бадачыларга маалыматты жеткирүү жагы Кара-Камыш айыл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Султамуратовго жүктөлсүн

 

 

 

Төрага:

У.К. Жунусалиев