Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-майы №175
Шаардын аймагында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардык мэриянын жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Шаардын аймагында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардык мэриянын жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жүргүзгөн иштери жөнүндөмаалыматын, шаардык кеӊештин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын аймагында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардык мэриянын жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жүргүзгөн иштери жөнүндө маалыматы кабыл алынсын;
2. Шаардын аймагында билим берүү мекемелеринде жашы жете элек балдар арасында укук бузуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жашы жете элек өспүрүмдөр жана ата – энелер менен биргеликте тыгыз иш алып баруу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, шаардык ички иштер бөлүмүнө жана шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кутбидинов |