Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-майы №178
Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын 16.05.2024ж. №01-12/1211 чыгыш сандуу Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик , курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап 09.07.2013ж. №117 Кыргыз Республикасынын “Турак жай” Кодексинин 12 – беренесинин 5 – пунктунун жана 14-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык кеӊештин XXVII сессиясынын 30.10.2023ж. №129 токтому менен бекитилген Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамы толуктоолор менен төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
1. Айтматов М. М. - шаардын мэринин орун басары - комиссиянын төрагасы;
2. ______________. - Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин жетектөөчү адиси - комиссиянын катчысы;
Мүчөлөрү:
3. Мамутов К.И. - Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин жетекчиси –
4. Абдиев А.М. - Сүлүктү шаарынын мэриясынын адиси –юрист
5. Мырзабеков Д.А. – Сүлүктү шаардык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы;
6. Исраилов А.П. - “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын башкы жер адиси;
7. Масалиев О.К. - “Сүлүктү-Тазалык” МИнын башчысы;
8. Самадова Г.Х. - шаардык кеӊештин депутаты;
9. Халбеков А.Д. – шаардык кеӊештин депутаты;
10.Эшмурзаева З.Э. – Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлү;
11. Эрискулов А.- Коомдук активист.
2. Комиссиянын ишин тийиштүү мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык жүргүзүлүүсүн көзөмөлдөө жагы шаардын мэринин орун басары М.М.Айтматовго милдеттендирилсин;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кутбидинов |