Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-майы №179
Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин балансындагы өрт өчүрүү ДЕПО имаратынын 200квм бөлүгүн убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 11.05.2024ж. №01-39/99 чыгыш сандуу Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик мекемесинин балансындагы өрт өчүрүү ДЕПО имаратынын 200квм бөлүгүн убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик , курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап шаардык кеӊештин кезексиз XXXI сессиясынын № 155 токтому менен бекитилген “Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрүн пайдалануу, ижарага берүү жана тескөө тартиби боюнча ЖОБОсунун 3-бөлүмүнүн 3.5. пунктуна ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик мекемесинин балансындагы өрт өчүрүү ДЕПО имаратынын 200 кв м бөлүгүн убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кутбидинов |