ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезексиз IV-сессиясы
2021-жылдын 19-августу № IV-2
Гулистан айыл аймагынын Гулистан айылындагы “Теремок-Гулистан” балдар бакчасына кошумча тайпа (группа) ачууга уруксат берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагынын Гулистан айылында жайгашкан “Теремок-Гулистан” балдар бакчасынын имараты 1961-жылы пайдаланууга тапшырылган. Мурдагы союз мезгилинде бул балдар бакчасы толук иш жүргүзгөн. Союз тарап, колхоздор жоюлгандан кийин балдар бакчасы өз ишин токтоткон. 2012-жылы “Г. Гулям” атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын, айыл өкмөтүнүн, демөөрчүлөрдүн, ата-энелердин аракети менен бакчанын имараты толук капиталдык ремонттон чыгарылып, керектүү инвентарлар менен камсыз кылынды. Балдардын саны алдынкы жылдары 60 кийин 90 балага жеткен. Акыркы жылдары мектепке чейинки балдардын саны артып кетти. Балдар бакчасы 120 орунга ылайыкташтырылганын эсепке алып, көптөгөн ата-энелердин арыздарын аткаруу максатында, бул балдар бакчасынын базасында дагы бир группа ачуунун мүмкүнчүлүгү бар. Гулистан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айылындагы “Теремок-Гулистан” балдар бакчасынын базасында кошумча бир тайпа (30 балага чейин) ачууга уруксат берилсин.
2. “Теремок-Гулистан” балдар бакчасынын материалдык-техникалык базасын чындоо үчүн тийиштүү акча каражатын бөлүп берүү жагы Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. “Теремок-Гулистан” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу боюнча тийиштүү жардам көрсөтүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулистан айылдык кеңешинин “Жаштар, спорт, билим берүү жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айыл кеңешинин төрагасы: |
У. Мирзакулов |