Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-майы №180
Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин балансындагы мэриянын ашканасын убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 11.05.2024ж. №01-39/99 чыгыш сандуу Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин балансындагы мэриянын ашканасын убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик , курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап шаардык кеӊештин кезексиз XXXI сессиясынын № 155 токтому менен бекитилген “Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрүн пайдалануу, ижарага берүү жана тескөө тартиби боюнча ЖОБОсунун 3-бөлүмүнүн 3.5. пунктуна ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин балансындагы мэриянын ашканасын убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кутбидинов |