Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-майы №181
Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесине 3 кенже тейлөө персоналынын штаттык бирдиктерин кармоого макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 22.04.2024ж. №01-12/934 сандуу Сүлүктү шаарынын мэриясынын 3 кенже тейлөө персоналынын штаттык бирдиктерин муниципалдык менчик мекемесиние жылдырып бекитип берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин жетекчиси 3 кенже тейлөө персоналынын штаттык бирдиктерин мыйзам талабына ылайык штаттык ыраатттамасына киргизсүүнө макулдук берилсин
2. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3 кенже тейлөө персоналынын айлык акысына каралган 430321 сом акча каражатын мэриянын 2111 беренесинен Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 2111 беренесине жылдырууга макулдук берилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | М.А.Кутбидинов |