Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги V-сессиясы
2021-жылдын 24-августу № V-2
Гулистан айыл кеңешинин 2021-жылдын 2-жарым жылдыгына иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар” жөнүндөгү, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери” жөнүндөгү Мыйзамдарында белгиленген айыл кеңештин компетенциясынын негизинде айыл кеңештин иш планы түзүлүп, бекитүлүүсү керек.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Гулистан айыл кеңешинин 2021-жылдын 2-жарым жылдыгына түзүлгөн иш планы бекитилсин. (Иш-план тиркелет)
2. Ушул иш пландын негизинде иш алып баруу айыл кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Гулистан айыл кеңешинин төрагасы: |
У. Мирзакулов |