ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги V-сессиясы
2021-жылдын 24-августу № V-3
Памирдик кыргыздарга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 12-июлундагы № 01-25/796 сандуу буйругун аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун бекитүү жөнүндө
Гулистан айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын Памирдик кыргыздарга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 12-июлундагы № 01-25/796 сандуу буйругун аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча өткөргөн отурумунун протоколу менен таанышып чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын Памирдик кыргыздарга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 12-июлундагы № 01-25/796 сандуу буйругун аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча өткөргөн отурумунун протоколу бекитилсин. (Протокол тиркелет)
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго, Гулистан ФЭБ башчысы Ш. Таштемировго:
- Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Алай районунун Талды-Суу айыл аймагына Кичи жана Чоң-Памирден көчүрүп келинген этникалык кыргыздарга мал сарайларын куруу үчүн Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 28 200 (Жыйырма сегиз миң эки жүз) сом акча каражаты ажыратып берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Ш. Гафаровго жүктөтүлсүн.
Гулистан айыл кеңешинин төрагасы: |
У. Мирзакулов |