Редакцияот 24.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

(Гулистан айылдык кеңешинин

2021-жылдын 24-августундагы № V-3

токтомуна ылайык)

 

Гулистан айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинин

 

ПРОТОКОЛУ

 

Фрунзе айылы

02-август 2021-жыл.

 

Өткөрүлгөн жери: Гулистан айыл өкмөтүнүн имараты

 

Катышкандар: Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү. Жалпы катышкандардын саны – 5 адам.

 

Заседаниенин төрагасы: Туруктуу комиссиянын төрагасы – Ш. Гафаров.

 

Катчысы: Ш. Раимбердиев

 

Күн тартибиндеги маселе:

 

Памирдик кыргыздарга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 12-июлундагы № 01-25/796 сандуу буйругун аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүштүрүү.

 

Кун тартибиндеги маселе боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ш. Гафаров билдирүү берди:

 

Урматтуу жыйындын катышуучулары, өзүңүздөргө маалым болгондой Алай районунун Талды-Суу айыл аймагына Кичи жана Чоң-Памирден этникалык кыргыздар көчүрүп келинген. Президентибиз Садыр Жапаров Алай районуна болгон иш сапарында этникалык кыргыздар менен жолугушкан. Бул жолугушуудан кийин этникалык кыргыздарга малдарын кыштоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мал сарайларын куруп берүү боюнча тапшырма берген. Биздин районго дагы бул сарайларды куруу үчүн акча каражаттарын өткөрүп берүү тапшырылган. Гулистан айыл өкмөтүнө бул иш-чарага 28 200 сом акча каражаты ажыратып берүү тапшырылган. Бул акча каражатты тез арада жергиликтүү бюджеттен өткөрүп берүү керек.

 

Кийинки сөзгө чыккан комиссия мүчөлөрү Ш. Гафаровтун сөзүнө толук кошулушуп, бул маселени тез арада чечилишине кошулушту.

 

Жогорудагы айтылган сөздөрдүн негизинде, Гулистан айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниеси

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Бул маселени кеңири талкулоо жагы Гулистан айылдык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.

 

2. Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Алай районунун Талды-Суу айыл аймагына Кичи жана Чоң-Памирден көчүрүп келинген этникалык кыргыздарга мал сарайларын куруу үчүн Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 28 200 (Жыйырма сегиз миң эки жүз) сом акча каражаты ажыратып берилсин.

 

3. Белгиленген акча каражатты өз убагында өткөрүп берүү жагы Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш. Таштемировго тапшырылсын.

 

4. Ушул чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын төрагасы Ш. Гафаровго тапшырылсын.

 

Заседаниенин төрагасы:

Ш. Гафаров

 

Катчысы:

Ш. Раимбердиев