ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз ХIV сессиясы
2024-жылдын 11-апрели № 14/8
Жайыт планын бекитүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагына караштуу “Кочкор” минуципалдык ишканасынын директору А.Аситовдун “Кочкор” минуципалдык ишканасынын Жайыт бөлүмүнүн бир жылдык иш планын бекитүү тууралуу маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагына караштуу “Кочкор” минуципалдык ишканасынын Жайыт бөлүмүнүн бир жылга карата жайыт башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүү планы бекитилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы «Кочкор» муниципалдык ишкансынын директоруна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Н. Сакыева |