Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз ХIV сессиясы
2024-жылдын 11-апрели № 14/10
Жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагына караштуу Теңдик айылынын тургундары Г.Молдобаева, К.Темирбек уулу, С.Абдырахманов, Т.Абдырахманов, Б.Ажымамбетова, Ж.Абдырахманов жана Т.Акидеев Теңдик айылындагы “Түндүк-Түштүк” альтернативалык автоунаа жолун курууда жеке менчиктеги үлүш жерлери сугат суусу менен камсыз болбой, түшүмдүүлүгү азайып, түшүм бербей калгандыгын билдиришип, жеке менчиктеги сугат айдоо жердин багытын өзгөртүп, логистикалык борбор курууга сурап кайрылган арызынын негизиндеги маалыматы угулуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 30,33,34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Теңдик айылындагы “Кочкор-Эпкин” альтернативалык автоунаа жолун курууда сугат суусу менен камсыз болбой калган, картографиялык чийме боюнча № 273, № 292 контурунан Абдыракманов Бакыт Асековичтин жеке менчигиндеги жалпы аянты 7,38 га сугат айдоо жер аянтынын багытын өзгөртүп, логистикалык борбор курууга “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан ”Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Теңдик айылындагы картографиялык чийме боюнча № 273, № 292 контурундагы сугат айдоо жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө макулдук берилген 7,38 га жерге тиешелүү документтерди жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жана тийиштүү органдарга жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүү Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Н. Сакыева |