Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү II сессиясынын
2024-жыл 29-марты №13
“Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытында эмес жерлердин базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө.”
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктунда “Калктуу конуштун жерлери айыл чарба багытында эмес жерлер үчүн зоналык коэффициент” колдонулары көрсөтүлгөндүгү, жогорудагы себептен улам айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициентти көтөрүп берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К ТО М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөндөй, 0,3төн 2,0 чейинки өлчөмдөгү калктуу конуштун жерлери айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициент Кз2 болуп бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Ө.Качикеевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Эргешов К.М. |