Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү II сессиясынын
2024-жыл 29-марты №14
“Эти Бакыр Терек-Сай” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылга каралган социалдык пакети жөнүндө.”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө ” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “ Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомуна ылайык келишимдин негизинде жумушка алуу үчүн “ Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен айыл башчыларга айлык маянасын карап берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К ТО М К Ы Л А Т:
1. “ Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылга каралган социалдык пакетине бөлүнгөн акча каражаты “ Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун Терек-Сай айыл аймагынын Терек-Сай айыл өкмөтү менен түзүлгөн 2016-2026-жылга чейинки каралган меморандумга ылайык, жергиликтүү тургундардын муктаждыктарына жараша өз багытында жумшалсын.
2. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн келишим менен жумушка алынуучу айыл башчыларынын айлык акылары айыл аймакка түшкөн башка киреше булактарынан каралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Эргешов К.М. |