Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү II сессиясынын
2024-жыл 29-марты №15
“Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында бириктирилген “Терек-Сай” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө ” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “ Пилоттук режимде айыл аймактарынын административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” № 735 токтомунун негизинде Терек-Сай айыл аймагынын бириктирилген “Терек-Сай” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Балтагуловдун 2024-жылга түзүлгөн бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизип берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагынын бириктирилген “Терек-Сай” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 18 470 923 (он сегиз миллион төрт жүз жетимиш миң тогуз жүз жыйырма үч) сомго бекитилсин жана Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен каралсын.
2.Бекитилген лимиттерди өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын бириктирилген муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Ж.Балтагуловго жана Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Эргешов К.М. |