ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги V-сессиясы
2021-жылдын 24-августу № V-6
Ноокат РИИБдин “М. Сактанов” атындагы Жаңы-Ноокат АМБнүн начальниги милициянын майору Ж.А.Молдобаевдин өтүнүч катын аткарууга алуу жөнүндө
Жыл сайын жергиликтүү бюджеттин эсебинен участкалык милициянын кызматкерлерине жардам көрсөтүлөт. Бул жардамдар алардын канцтоварларына, күйүүчү майына жана башка чыгымдарына берилет. Быйыл дагы жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү үчүн “Жаңы-Ноокат” АМБ начальниги милициянын майору Ж.А.Молдобаев кайрылган. Гулистан айылдык кеңеши бул кайрылуу менен танышып чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын 4 (төрт) участкалык уполномоченный жана 1 (бир) жашы жете электер менен иштөө инспекторунун иш кагаздарына, күйүүчү майына жана башка чыгымдарына акчалай жардам көрсөтүү боюнча Жаңы-Ноокат АМБнүн начальниги милициянын майору Ж.А.Молдобаевдин өтүнүч каты аткарууга алынсын.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Гулистан айыл аймагындагы 4 (төрт) участкалык уполномоченный жана 1 (бир) жашы жете электер менен иштөө инспекторунун иш кагаздарына, күйүүчү майына жана башка чыгымдарына 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш. Таштемировго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: |
У. Мирзакулов |