Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз  ХIV сессиясы

 

2024-жылдын 11-апрели   № 14/13

АЖМФын ижарага жана түз берүү комиссиясынын

 курамын бекитүү жөнүндө

 

Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага жана түз берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.    Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага жана түз берүү боюнча комиссиянын курамы төмөндөгү курамда бекитилсин

-Т.Абдархманова –айылдык кенештин депутаты, комиссиянын төрайымы

- Н.Элчибаев-райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, комиссиянын мүчөсү

-Б.Акишов-өкмөт башчысы, комиссиянын мүчөсү

-А.Осмоналиев-  айылдык кенештин депутаты, комиссиянын мүчөсү

-Т.Калпаков-жарандык коомдук уюмдун мүчөсү, комиссиянын мүчөсү

-С.Өмүрова-айыл өкмөтүнүн адиси, комиссиянын катчысы

-тиешелүү айылдардын айыл башчылары, комиссиянын мүчөлөрү

2.    Токтомдун аткаруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

   

 Төраганын орун басары

Н. Сакыева