ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз ХIV сессиясы
2024-жылдын 11-апрели № 14/14
«Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо» (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында Ак-Кыя АА ишмердүүлугү жөнүндө
АИД-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча мурдагы Ак-Кыя АА АКИА АК төрагасы Б.Жолочиеванын маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. АИД-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Ак-Кыя АА АКИА АК төрагасы Б.Жолочиеванын маалымат-отчету кабыл алынсын.
2. Ормон-Хан айыл өкмөт башчысы АКИАны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүү жөнүндө сунуштарын даярдап берсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өнөр жай, инвестиция тартуу жана экономика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Н. Сакыева |