ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз ХIV сессиясы
2024-жылдын 11-апрели № 14/15
Кызматташууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун Нарын облусунда айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү Программасынын алкагында каржыланып жаткан долбоорго Ормон-Хан айыл аймагынын Семиз-Бел айылынын экинчи этапка киргендиги туралуу маалыматын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун эксперти Э.Токоеванын маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун Нарын облусунда айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү Программасынын алкагында каржыланып жаткан долбоор менен кызматташууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өнөр жай, инвестиция тартуу жана экономика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Н. Сакыева |