САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 8-октябры № 5/17
Ү. Бейшеев атындагы орто мектебинин директорунун маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Ак-Кыя айылындагы Ү. Бейшеев атындагы орто мектебинде 2020-2021-окуу жылдарында жүргүзгөн иштери жана жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө мектептин директору Т. Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектептин 2020-2021-окуу жылдарында жүргүзгөн иштери жана жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө мектептин директору Т. Элтуйбасовдун маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Мектептин окуу, тарбия иштерин жүргүзүүдө ички эмгек тартибин сактоону, билим берүүнүн жаңы багыттарын колдонуу менен окуучуларга татыктуу тарбия, билим берүүнү камсыз кылуу жагына көзөмөлдүктү күчөтүү жагы мектептин директору Т. Элтуйбасовго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | А. Зарылбек уулу. |