ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз ХIV сессиясы
2024-жылдын 11-апрели № 14/17
Ижара акыны бекитүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө конкурска же аукционго коюуда ижара акынын баштапкы өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө конкурска же аукционго коюуда ижара акынын баштапкы өлчөмдөрүн жерлердин түрүнө жараша төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Чынында сугарылган жер 1 гектар 3800 (үч мин) сом
Сугаруу кыйын жер 1 гектар 2500 (эки мин беш жүз) сом
Сугаруунун жоктугу 1 гектар 1200 (бир мин эки жүз) сом
2. Токтомдун аткаруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Н. Сакыева |