Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз  ХIV сессиясы

 

2024-жылдын 11-апрели   № 14/18

Кочкор айылынын борборун ирээтке келтирүү жөнүндө

 

Кочкор айылынын борборун ирээтке келтирүү, автоунааларды атайын токтоочуу жайга койдуруу жана майда сооданы ирээтөө чараларын жүргүзүү туралуумаалыматты угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.    Кочкор айылынын борборун ирээтке келтирүү боюнча Ормон-Хан айыл өкмөтү иштиктүү чараларды көрсүн.

2.    Нарын, Балыкчы, Жумгалга каттаган таксилери автобекетке жайгаштырылсын.

3.    Райондун айылдарына каттаган таксилерин Кочкор айылынын борбордук бөлүгүнөн сырткаркы жерге жайгаштыруу боюнча иш жүргүзүлсүн.

4.    Кочкор айылынын борбордук бөлүгүндө соода жайлардан сырткары жүргүзүлүп жаткан майда сооданы соода жайларга киргизип, ирээтке келтирилсин.  

5.    Токтомдун аткаруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

6.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 Төраганын орун басары

Н. Сакыева