Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 22-августундагы № 32
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү № 145-мыйзамына ылайык, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 21-августундагы № 789 сандуу чыгыш катынын жана Бужум айылынын жашоочуларынын 2023-жылдын 27-январындагы элдик жыйындын протоколунун негизинде, Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылына көрүстөнгө жер аянтын ажыратуу максатында, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылынын түштүк тарабында жайгашкан № 1907- контурундагы 24,0 га таштуу жайыт жер аянтын жана № 1985- контурундагы 6,0 га таштуу жайыт жалпы 30,0 га жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| К.Ж.Шакиров |